Эртең Ош, Баткен облусунун кээ бир аймактарында убактылуу электр жарыгы өчүрүлөт
Эртең, 16-мартта Ош, Баткен облусунун кээ бир аймактарында пландаштырылган оңдоо-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Ошэлектр" ААКсынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, төмөндөгү аймактарда саат 08:00дөн 17:00гө чейин электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт:
* Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүндө
* Ноокат районунун Жаңы-Ноокат, Мирмахмудов, Гулистан, Бел-Кайрагач айыл өкмөттөрүндө.
* Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндө.
* Лейлек районунун Кулунду, Бешкент айыл өкмөттөрү, Чимген айылы, Бозогул участкасында.
* Кара-Суу районунун Правда, Жаңы-Арык, Таш-Арык, Жарооз, Таш-Коргон, Кара-Суу шаарынын Навои, Комсомольская, Алай, Фрунзе көчөлөрүндө.
* Ош шаарынын Навои, Курманжан-Датка, Ленин, Арзыкулов, Гулистан, Кол Өнөрчүлөр, Давыдов, Курбанов, 1-май (автотрест айланасы), Айтиев, Алиев, Моминов, Абдыкадыров, Молдо Нияз, Бостон, Шамшад, Жупас, Беш-Капа, Правда, Мамажан көчөлөрүндө, Курманжан-Датка №274, 276, 278, 280, 280а көп кабаттуу үйлөрдө.
Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн "Ошэлектр" ААКсы кечирим сурайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.