super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Токтогулда кумшекердин баасы 100 сомго чыкканы боюнча тийиштүү мекемеден жооп беришти

 

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургуну порталыбыздын "Элдик Кабар" бөлүмүнө кайрылып, аймактарда азык-түлүктүн баалары кескин кымбаттап кеткенин айтып, бийликке нааразычылыгын билдирген.

"Азыртан эле Токтогулдун Кызыл-Өзгөрүш айылындагы соодагерлер 1-сорттогу ундарды 2000 сомдон, 1 килограмм кумшекерди 100 сомдон сатып жатышат. Андай болгон соң жарманкенин эмне кереги бар? Эмнеге айылдарга келип жарманке кылышпайт? Айыл тургундары арзан ун алыш үчүн Бишкекке барыш керекпи?

Шаар эле эмес, айылда деле жашоо оорлоп баратат. Баары кымбаттады, малы барлар аны сатып эптеп жатышат. Малы жокторго кыйын", - деген окурман.

Жергиликтүү тургундун кайрылуусу боюнча Жалал-Абад облусу боюнча монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин кызматкери Фархат Кегебаевге кайрылдык.

"Азыркы кезде бааларды көтөрүп жиберген учурлар катталып жатат. Ал учурда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Бул убактылуу, дагы 2-3 күндө баа турукташып калат деп ойлоп турабыз. Бүгүн шаардагы кээ бир Бишкектен азык-түлүк ташып иштеген ишкерлер менен сүйлөштүк. Алар баалар салыштырмалуу бир аз төмөндөп калганын айтышты", - деп билдирди ал.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: