super.kg logo

Руслан Казакбаев Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси менен жолугушту

 

Бүгүн, 15-мартта Кыргыз өлкөсүнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-орус кызматташтыгынын соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы актуалдуу маселелери талкууланды.

Тараптар алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги саясий иш-чаралар, анын ичинде Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине төрагалыгынын алкагындагы форум тууралуу сүйлөштү. Ошондой эле тараптар Казакбаевдин Орусияга жасаган расмий сапарынын жыйынтыгында кабыл алынган макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашты.

Руслан Казакбаев орус тараптын чакыруусу менен 5-мартта Орусияга барган. Ал Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолукканда Бишкек орус-украин кризисине байланыштуу сүйлөшүүлөргө аянтча түзүп берүүгө жана тынчтык орнотуу үчүн зарыл чараларды уюштурууга даяр экенин айткан.

Сапардын алкагында Казакбаев Москвада орус президентинин администрация башчысынын орун басары Дмитрий Козак менен Украинадагы кырдаалды талкуулаганын Тышкы иштер министрлиги кабарлаган.

Аталган жолугушуу Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын ортосунда дипломатиялык алака орнотулганынын 30 жылдыгына карата уюштурулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: