Депутат: "КТРКнын Музканалынан уят клиптер чыгып жатат"
Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңеште КТРКнын макамын өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоору каралып жатат. Анда депутат Өмүрбек Бакиров Музканалдан уят клиптер чыгып жатканын айтты.
"Музканалдан уят клиптерди көрсөтүп жатасыңар. Биздин элибиз кайсы жакка карап багыт алат? Андай клиптерди ким коюп, ким уруксат берип жатат? Мен 1 ай мурун ошол клиптерди кокусунан көрүп калдым", - деди ал.
КТРКнын башкы директору Кайрат Иманалиев: "Көрүүчүлөр тарабынан сунуштар түшүп, көркөм кеңеш келип түшкөн клиптерди текшерип жатат. Четинен ревизия кылып жатабыз", - деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.