super.kg logo

Түптөн Бишкекке баңгизат алып бара жаткан адам кармалды

 

Түптө жергиликтүү тургун баңги заттарын Бишкекке алып бара жатып кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Түп районунун Балбай айылынын 32 жаштагы тургуну К.Б. такси менен Бишкек шаарына баңги заттарын такси менен алып бара жаткан жерден кармалган. Кароо жүргүзүү учурунда бир литрлик айнек банкадан салынган 72 даана тегерек формасында жана жапайы кендирдин жыты бар зат табылып алынган.

Аталган факты Түп РИИБине Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин "баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" негизинде кылмыш иши козголду. Алынган далил заты баңгизаттын кайсы түрүнө кирерин аныктоо максатында соттук-химиялык экспертизасы дайындалды. Райондук соттун чечими менен, шектүү жаранга карата 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. Учурда тергөө амалдары уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: