Белгилүү хирург Эрнст Акрамовду коргоо штабы түзүлдү
Белгилүү хирург, медицина илимдеринин доктору Эрнст Акрамовдун ар-намысын коргоо штабы түзүлдү. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо тармагындагы медиаэксперт Елена Баялинова Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Ага ылайык, штабга дарыгерлер, коомдук, жарандык активисттер киришти.
Штаб саламаттыкты сактоо министри Бейшеналиев Акрамов тууралуу айткан сөздөрү үчүн эл алдында кечирим сурамайынча иштей бермекчи.
Белгилесек, 14-мартта министр Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги "Тез жардам" ооруканасына барганда Чүй облустук ооруканасындагы Эрнст Акрамов атындагы хирургия илимий борборун жапканын билдирген.
Мындан тышкары Алымкадыр Бейшеналиев хирург Эрнст Акрамовдун атын ооруканага эле эмес, оорукананын бир бөлүмүнө берүүгө дагы татыксыз деп эсептерин айткан. Депутат Исхак Масалиев белгилүү хирург Эрнст Акрамовдун жашоосуна шарт түзүп берүү керектигин билдирсе, Эдил Байсалов хирург Акрамов боюнча кооптонууга негиз жок экенин социалдык тармакка жазган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.