super.kg logo

Мамлекеттик кампадан алынган кумшекердин жана майдын баалары аныкталды

 

Өлкөдө Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун борбордук кампасынан азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу максатында сакталган кумшекерге жана өсүмдүк майына баалар белгиленди. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, калктын социалдык жактан аялуу катмарын колдоо максатында кумшекердин килограммы 65 сом, өсүмдүк майынын 1 литри 124 сом 5 тыйын болду.

Министрлер кабинети Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна ички рынокту толтуруу максатында товардык интервенцияны ишке ашырууга буйрук берген.

Буга чейин Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун борбордук кампасынан 1 миллион килограмм кумшекер жана 500 миң литр өсүмдүк майы бөлүнүп, аймактарга жеткирүү иштери башталганы кабарланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: