super.kg logo

Акылбек Жапаров Антикризистик комитеттин биринчи кеңешмесин өткөрдү

 

Акылбек Жапаров социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча Антикризистик комитеттин биринчи кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Акылбек Жапаров белгилегендей, учурда дүйнөдө орун алып жаткан геосаясий кырдаал социалдык-экономикалык тобокелдиктердин пайда болушуна алып келүүдө.

Кырдаалды эске алуу менен министрлер кабинети кризиске каршы кезектеги бир катар чараларды кабыл алды.

Антикризистик чараларды калыптандыруу алкагында жарандык жана бизнес коомчулук өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар өткөрүлүп, алардын сунуштары документке киргизилген.

Кезектеги чаралар жыйындысы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, күндө керектелүүчү товарларга бааны турукташтырууга, калкты социалдык жактан колдоого жана иш менен камсыз кылууга, ошондой эле финансылык туруктуулукту камсыздоого жана ишкер субъектилерин колдоого багытталган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: