super.kg logo

Көк-Арт ашуусунда кар көчкү алдында калган 2 Кытай жаранын издөө иштери убактылуу токтотулду

 

Көк-Арт ашуусунда кар көчкү алдында калган 2 Кытай жаранын издөө иштери токтотулган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Издөө иштеринин токтотулуусуна кайрадан кар көчкү түшүү коркунучу себеп болгон.

“Кар көчкү алдында калган 2 Кытай жаранын издөө иштери 28-февраль күнү убактылуу токтотулган. Анткени аба ырайы кескин түрдө өзгөрүп, аталган жайда дагы кар көчкү түшүү коркунучу жаралган”, - дешти басма сөз кызматынан.

Эскерте кетсек, 14-февралда Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 332-чакырымында кар көчкү түшүп, “Чайна Роуд” компаниясынын 4 айдоочусу техникасы менен кар көчкү алдында калган.

Тынбай издөө иштеринин алкагында, 26-февраль күнү унаа жолдогу туннелдин түндүк тарабынан 24 жаштагы Кыргыз жаранынын жана туннелдин түштүк тарабынан 44 жаштагы Кытай жаранынын сөөгү табылган.

Ошондой эле кар көчкү алдынан жол оңдоп жаткан кытайлык ишкананын 4 техникасы табылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: