super.kg logo

Салык кызматы "Ош базардан" 69 миң кутудан ашык акциздик маркасыз тамекини алды

 

Бишкектеги "Ош базарынын" аймагынан тамеки буюмдарын мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жеке ишкер кампада акциздик маркасыз ар кандай аталыштагы чет өлкөдө өндүрүлгөн тамекилерди сатып жатканы аныкталды. Жыйынтыгында жалпы суммасы 3 миллион 400 миң сом болгон 69 миң 504 куту тамеки тартып алынды", - деп билдиришти Салык кызматынан.

Мындан тышкары субъектте продукцияга уруксат берүүчү документтер, анын ичинде шайкештик жөнүндө декларация, товардык-транспорттук коштомо кагаз жана башкалары болгон эмес.

Алдын ала маалыматтар боюнча, тартып алынган продукция өлкө аймагына контрабандалык жол менен киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: