super.kg logo
  Саясат  

Депутат Маматалиев азык-түлүктүн бааларын көтөрүп жибергендерге чара көрүү керектигин айтты

 

Депутат Марлен Маматалиев азык-түлүктүн бааларын көтөрүп жибергендерге чара көрүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Дүйнөдө болуп жаткан кризис, экономикалык абал биздин да мамлекетке өз таасирин тийгизип жатат. Азыркы күндө колдоого муктаждар дагы болуп жатат. Министрлер кабинети бул боюнча ыкчам комитет түзүп, өз ишмердүүлүгүн алып барып жатат. Биз тараптан бир топ жакшы сунуштар айтылууда. Биз министрлер кабинетине караганда эл менен тыгыз байланыштабыз. Кризисте кандай жагдайлар болот деп маалымат сурадык. Сиздер тараптан 3 айдан 6 айга чейин запасыбыз бар деп айткандын ордуна, баалар көтөрүлөт деп элди дүрбөлөңгө салдык. Брифинг берип элге маалымат берүү керек. Кыйын учурда эл душмандары бааларды көтөрүп, товарларды чыгарбай, кымбаттаганда сатам деп отурушат. Ошондой эл душмандарын КТРК аркылуу көрсөтүү керек. Аларга чараларды көрүү зарыл. Бардык соода жүргүзүү сом менен болсун деген токтомдорубуз ишке ашпай жатат", - дейт Марлен Маматалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: