super.kg logo

Акылбек Жапаров Аксы окуясында курман болгондорду эскерип, бак отургузду

 

Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Боспиек айылындагы «Шейит» көрүстөнүндө Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, иш-чарада куран түшүрүлүп, эстелик монументине гүлчамбар коюлду.

"Бүгүн мында болуп өткөн окуяларга туура 20 жыл болду. Дал ушул күнү жаш балдар менен улуу муундагы адамдар милиция менен кагылышкан. Андан бери 20 жыл өтсө да, жүрөктөгү жара айыккан жок. Өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн күрөшкөн Азимбек Бекназаров камакка алынган. Ал асманда учкан шумкар болуп, өз үлгүсү менен жердештерин шыктандырган. Биз демократиялык баалуулуктарды ар дайым колдоп келгенбиз жана колдой беребиз.

Мен мамлекет башчынын тапшырмасы боюнча окуялар болгон жерге баатырларыбыздын элесин эскерүү үчүн келдим. Алардын ысымдары биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Хадисте: "Бир эшик жабылса, Жараткан сага миң эшикти ачат" деп айтылат. Келиңиздер ынтымакты жогору тутуп, бири-бирибизди колдойлу", - деди Жапаров.

Соңунда министрлер кабинетинин башчысы бак отургузуу иш-чарасына катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: