Ошто 5-кабаттан боюн таштаган окуучу кыздын абалы оор бойдон калууда
Ош шаарында 7-класста окуган 2 кыз көп кабаттуу имараттан боюн таштап, бирөө каза болуп, экинчиси ооруканада жатканы кабарланган. Бүгүн, 18-мартка карата бейтаптын абалы өзгөрүүсүз калууда. Бул туурасында Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери тарабынан маалым болду.
"Бейтаптын абалы оор бойдон калууда. Өзгөрүү жок. Жаракаты көп болгондуктан калыбына келүү үчүн убакыт керек", - дейт дарыгер.
Белгилей кетсек, кечээ, 17-мартта эки окуучу кыз 5-кабаттан боюн таштаганын Ош ШИИБинен кабарлашкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.