super.kg logo

Сокулукта алдамчылык жолу менен жер тилкесин сатканга шектүүлөр аныкталды

 

Чүй облусунун Сокулук районунда алдамчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-мартта Сокулук РИИБине чала тааныш адамга карата чара көрүү өтүнүчү менен 1959-жылы туулган Г.М. кайрылган. Арызда февраль айында Новопавловка айылынан жалпы суммасы 7000 долларга жер тилкесин сатып алгандыгы, ишеним кат берилгени көрсөтүлгөн. Кийинчерээк арыз ээси сатып алган жер тилкеси башка адамга таандык экенин аныктаган.

Бул факты Сокулук РИИБинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси "алдамчылык" менен катталган. Издөө иш-чараларынын натыйжасында, милиция кызматкерлери тарабынан шектелип 1977-жылы туулган Ж.А. жана 1981-жылы туулган И.Ж. аттуу жарандар кармалды. Учурда кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: