super.kg logo

Эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелерине 30 жыл. Владимир Путин Садыр Жапаровго куттуктоо жолдоду

 

Орусиянын президенти Владимир Путин президент Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата куттуктоо жолдоду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

"Бул убакыт аралыгында орус-кыргыз мамилелери стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык деңгээлине жетти. Ар түрдүү чөйрөлөрдө мазмундуу саясий диалог жана ар кандай тармактарда жемиштүү кызматташтык өнүгүп жатат. Москва менен Бишкек ЕврАзЭСтин, ЖККУнун, КМШнын, ШКУнун жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында натыйжалуу өз ара аракеттенүүдө.

Биздин дос элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн, аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо кызыкчылыгында эки тараптуу мамилелердин бүткүл комплексин биргелешкен күч-аракеттер менен мындан ары өнүктүрүүнү камсыздайбыз деп ишенем", - деп айтылат куттуктоо текстинде.

Владимир Путин Садыр Жапаровго бекем ден соолук жана ийгилик, ал эми бардык кыргыз элине тынчтык жана бакубатчылык каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: