super.kg logo

Украинадан Польшага эвакуация болгон 95 Кыргыз жараны өлкөгө кайтып келди

 

Бүгүн, 19-мартта Украинадан Польшага эвакуация болгон 95 Кыргыз жараны чартердик каттам менен өлкөгө кайтып келди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат таратышты.

Министрликтин маалыматына таянсак, алардын ичинде аялдар жана балдар бар.

Мындан тышкары Чехиядан Ошко 43, Прагадан Бишкекке 35 Кыргыз жараны кайтып келди.

Министрлик жана элчилик Кыргыз жарандарын Польшадан, Чехиядан эвакуациялоо, ошондой эле Украинанын согуштук аракеттер жүрүп жаткан шаарларында жүргөн Кыргыз жарандарын коопсуз аймактарга чыгаруу боюнча иштерди улантууда.

"Бүгүнкү күндө Украинанын аймагында 60тан ашык Кыргыз жараны бар. Элчилик Украинада калган жарандар менен байланышта, алардын көбү жашаган жеринде калуу каалоосун билдиришүүдө. Кыргыз жарандарынын арасында жабыркагандар жок", - деп жазылат ТИМдин маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: