Алымкадыр Бейшеналиев: "Коомчулукта айтылган сын-пикирлерге карабай реформаны уланта берем"

"Менин иш ыкмаларыма карата коомчулуктун кыжырдануусун түшүнөм. Кээде эмоцияларымды кармай албай каларымды моюнга алам. Бирок силер дагы мени түшүнгүлө. Мен кооз сүйлөй албайм. Биздин медицина кейиштүү абалда. Туурабы? Бул тармакта медицина ишкерлери менчиктештирип алганы жалганбы?", - деген министр.
Ошондой эле ал көп жылдан бери медицина тармагындагы көйгөйлөрдү: аймактарда медиктердин жетишсиздиги, заманбап жабдыктардын жоктугу, мамлекеттик лабораториялар иштебей турганын санап өткөн. Мындан тышкары ал ар бир адам каржы ресурстардын жетишсиздигинен сапаттуу медициналык жардам ала албай келерин кошумчалаган.
"Мен саламаттыкты сактоо системасына чиновник катары эмес, практик катары келгем. Бардык нерсени кооз сөздөр менен белгилөө үчүн менде практика жок. Мен көп сүйлөп, аз иштегендерден эмесмин. Мен үчүн сөздөн мурун иш маанилүү. Биздин медицинада чындыгында эмне болуп жатканын көрүп жүрөгүң ооруйт.
Менин методдорум орой экенине кошулам. Күн сайын биздин медицинанын абалын көрүп эмоцияны кармануу кыйын. Мурдагыдай кооз отчётторду көрсөтүп отура берсем чындап эле жакшы болот беле?", - деген Бейшеналиев.
Мындан тышкары ал Исманкуловго дагы токтолуп, реформаны ишке ашырып, медицина тармагын заманбап жана жеткиликтүү кыларын кошумчалаган.
"Баары Бейшеналиев Исманкуловду кууп жатканын көрүштү. Анын себеби эмнеде экенин эске алышкан жок. Ооруканалар жетишпей турган чакта мамлекеттик каражатка мамлекеттик имаратта коммерициялык оорукана курулган. Ушул убакыттын ичинде Исманкуловго жеке бизнесин түзүп, насыяны кайтарып берүүгө эмне тоскоол болду? Жок, ал чоң кызматтагылардын колдоосуна ээ болуп, жакшы иштеп, каражат тапкан.
Мен коомчулуктун ар кандай сын-пикирлерине карабай реформа жасайм. Медицина тармагын заманбап жана жеткиликтүү кылам.
Жарандык активисттерди, жаштарды медицина жаатын анализдеп, саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртуу үчүн биригүүгө чакырам", - деген Бейшеналиев.
Буга чейин Бейшеналиев көздүн микрохирургиясы клиникасынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов менен телефон аркылуу байланышып, 3 сааттын ичинде клиниканы бошотуп коюуну айтканы бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
8

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.