super.kg logo

Бишкекте кыргыз-казак агартуучуларынын мааракесине арналган эл аралык илимий конференция өттү

 

Бишкек шаарында 18-мартта «Улуттун улуу устаттары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Бул тууралуу Эл аралык Түрк академиясынын эксперти Нурдин Усеев SUPER.KG порталына кабарлады.

"Бул иш-чара XX кылымдын башында кыргыз-казак элдериндеги агартуу иштерине зор салым кошкон агартуучу, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер Ахмет Байтурсуновдун 150, Ишенаалы Арабаевдин 140 жылдык мааракелерине арналды. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөн бул иш-чарага Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин мүчөсү Медеткан Шеримкулов, Казакстандын Кыргыз мамлекетинин элчиси Рапил Жошыбаев, Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали, Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Сыртбай Мусаев жана эки элдин белгилүү окумуштуулары менен коомдук жана маданий ишмерлери катышты", - деди Усеев.

Маалыматка ылайык, иш-чарада И.Арабаев менен А.Байтурсуновдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган докладдар окулуп, илимий эмгектердин бет ачары болду.

Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдыралиге тарых илими жаатындагы эмгектери үчүн И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин «Ардактуу профессору» наамы ыйгарылып, түркологияга кошкон салымы үчүн президенттин алдындагы Мамлекеттик тил комиссиясынын “Кыргыз тили” медалы тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: