SUPER.KG порталы жалпы кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктайт
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты жалпы кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктайт.
Нооруз - табият жаңыланып, жан дүйнө жаңырып, жаңы жашоонун келгенинен кабар берген касиеттүү күн. Алмустактан бери Нооруз токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын майрамы катары белгиленип келет.
Жаңы жыл ийгиликтин, жакшылыктын, жыргалчылыктын, тынчтыктын, молчулуктун жылы болсун. Ар бир мекендешибизге, ар бир үй-бүлөгө, ден соолук, бакыт-таалай, ийгиликтерди каалайбыз. Мамлекетибизде тынчтык орноп, өлкөбүз гүлдөп-өнүгө берсин! Аруу тилектерибиз, таза ниеттерибиз орундалып, жергебизге кут конуп, жакшылыктар мол болсун! Майрамыңыздар менен, мекендештер!
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.