super.kg logo

Кыргызстанда жылына 100-150дөй адам Даун синдрому менен төрөлөт

 

21-март - Даун синдрому менен төрөлгөн адамдардын бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул дата кокустан тандалып алган эмес, анткени ар бир адамда 23 жуп хромосома бар, ал эми Даун синдрому бар адамдарда мындай хромосома үчөө болот.

Планета боюнча ар бир 800-1000чи бала Даун синдрому менен жарыкка келет. Бул өзгөчө генетикалык абал, мындан улам баланын өнүгүшүндө жана ден соолугунда айрым өзгөчөлүктөр болот. Синдром адамдын хромосомалык топтомунун өнүгүшүн шарттайт, ал оору болуп саналбайт жана адамга жагымсыздык жаратпайт.

Кыргызстанда бул диагноз менен 100-150 жакын төрөлөт деп эсептөөгө болот.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө Даун синдрому менен адамдар – окууга, иштөөгө, үй-бүлө курууга жөндөмдүү социумдун активдүү мүчөлөрү.

Даун синдрому менен балдарды эрте колдоо жана педагогикалык коштоо абдан маанилүү, үй-бүлө үчүн өзгөчө биринчи кезекте психологиялык жана маалыматтык жардам өтө маанилүү. Булардын бардыгы менен "Луч добра" ата-энелер биримдиги алектенет, анын миссиясы Кыргызстанда Даун синдрому бар адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу болуп саналат. Бул биримдиктин колдоо программасында Даун синдрому бар балдарды тарбиялаган 200 үй-бүлө катышышат.

Активисттер Даун синдрому деген эмне экендиги тууралуу маалыматтык коом жана шылдыңдоо менен күрөшүүгө, синдрому бар адамдардын жашоосу, жеңиштери жана жетишкендиктери жөнүндө айтууга жана көрсөтүүгө умутулушат. Даун синдромунун календарда да маанилүү датасы бар.

Ар бир адам 21-мартка карата өткөрүлүүчү дүйнөлүк "Lot of socks" флешмобуна катышуу менен маалыматтык ишке өз салымын кошо алат. Флешмобдун маңызы - өзүнө көңүл бурдуртуу үчүн ар түрдүү жуптагы ачык байпактарды кийүү же шарфтын ордуна ачык байпакты оронуу жана бул күн тууралуу кызыккандардын баарына айтып берүү. Эмне үчүн байпак? Анткени ошол өзгөчө 21 хромосома эки байпакты эске салуучу "Х" тамгасынын формасына ээ.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: