super.kg logo

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Нооруз майрамы менен кыргыз элин куттуктады

 
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Урматтуу мекендештер, касиеттүү Ош шаарынын тургундары жана меймандары! Жалпыңыздарды бүгүнкү Нооруз майрамыңыздар менен Ош шаарынын мэриясынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм! Дүйнөдө тилеги жакшы, таза, элдин жүрөгүнөн орун алган элдик майрамдар көп, ал эми Нооруз ошол майрамдардын арасынан өзгөчө орунга ээ.
Нооруз майрамы миңдеген жылдык тарыхы бар, мааниси-мазмуну терең, байыркы элибиздин өзгөчөлүгүн жана уюткулуу эл экендигин түшүндүргөн майрам катары айырмаланып турат. Ошондуктан бул улуу майрам ар бир үйдө, ар бир үй-бүлөдө кайра жаралуу жана жаңылануунун майрамы катары эң таза тилектин, аруу ойлордун майрамы", - деп жазылат куттуктоодо.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: