super.kg logo

Улан Ниязбеков кыргызстандыктарды, ички иштер органдарынын кызматкерлерин Нооруз майрамы менен куттуктады

 

Ички иштер министри Улан Ниязбеков кыргызстандыктарды, ички иштер органдарынын кызматкерлерин менен ардагерлерин Нооруз майрамы менен куттуктады.

"Урматтуу мекендештер! Ардактуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери! Күн менен түн теңелип, тирүүлүктүн жарчысы болгон Нооруз майрамы босогобузду аттады. Нооруз жаратмандыктын, жаңылануунун майрамы.

Жаңы жылдын башталышы Кыргызстан үчүн өнүгүүнүн жана ийгиликтин башаты болот деп терең ишенем. Нооруз майрамы мамлекетибизге молчулук, кут-береке тартууласын! Элибиз айдан аман, жылдан эсен болсун!

Бул күнү биз жакшылыктарга үмүт артып, бири-бирибизге аруу тилектерибизди арнайбыз. Ар бир үйгө кут конуп, элибизде ынтымак-ырашкерлик жылоолоп, жергебизге береке кирсин. Жаздын илеби менен келген Нооруз биздин жүрөгүбүздү кубанычка, жылуулукка, ишенимге жана турмуштук күч-кубатка толтура берсин!
Нооруз майрамы элибизге тынчтык, жергебизге береке чачып, бардыгыбызга жакшылыгын тартуулап, ар бирибиздин үй-бүлөбүзгө ынтымак, ырыскы, бекем ден соолук алып келсин! Нооруз майрамыңыздар кут болсун", - деп айтылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: