АКШнын президенти Жо Байден кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады
АКШнын президенти Жо Байден президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз жаз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.
"Сизге жана Кыргызстан элине каалайм жаңы жылда тынчтык, ден соолук жана өсүп-өнүгүү каалайм. Нооруз майрамы кут болсун", - деп айтылат куттуктоодо.
Жо Байден ошондой эле быйыл АКШ менен Кыргызстан дипломатиялык мамилелердин жана өнөктөштүктүн 30 жылдыгын белгилеп жатканын билдирип, АКШ Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экенине ишендирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.