Эртең Бишкектин жана Чүй облусунун кээ бир аймактарында электр жарыгы өчөт (тизме)
Эртең, 22-мартта Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун кээ бир аймактарында электр жарыгы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.
Электр жарыгы үзгүлтүккө учурай турган аймактардын тизмеси:
- 09:00дөн 17:00гө чейин 6-кичи району №4 үй; Можайск көчөсү менен Багижский туюк көчөсүнүн кесилиши; Чортеков менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилиши;
- 9:30дан 17:00гө чейин Кызыл куруучу конушу;
- 9:00дөн 13:00гө чейин Ахунбаев Садырбаев көчөлөрүнүн кесилиши:
- 12:00дөн 18:00гө чейин Үмөталиев Пушкин көчөлөрүнүн кесилиши;
- 9:30дан 18:00гө чейин Саратов Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилиши, №111, 113, 182 үйлөр; Каралаев Койбагаров көчөлөрүнүн кесилиши, 11-кичи району.
Ошондой эле Чүй облусунун Аламүдүн, Сокулук, Москва, Панфилов, Жайыл райондорунун айрым көчөлөрүндө, Кант, Токмок, Кемин шаарларынын айрым аймактарында саат 9:00дөн 17:00гө чейин электр жарыгы убактылуу берилбейт.
"Түндүк электр" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.