super.kg logo

Бишкекке бир күнгө мэр болгон Нургазиев СИЗО-1ге киргизилди

 

Буга чейин алдамчылыкка шектелип кармалган Бишкек шаарынын мурдагы мэри Эрмек Нургазиев СИЗО-1ге камакка алынды. Бул туурасында Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашат.

Башкармалыктан билдиришкендей, Нургазиев тергөө аяктаганга чейин камакта болот. Кармалган жарандан жабыр тарткандар болсо милицияга (0312 43 01 27 же 102) кабар берип коюуну Чүй ОИИББинен суранышты.

Белгилей кетсек, 2019-жылы июль айынын башында райондук милицияга турак жай курулуш кооперативдеринин биринин төрагасы болуп туруп, мурда сатылган батирлерин кайра сатып жибергени үчүн Нургазиевге карата чара көрүү боюнча жамааттык арыз түшкөн.

2022-жылы 18-мартта жогорудагы фактыга шектелип Эрмек Нургазиев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүүнүн үстүнөн жамааттык арыздан тышкары 7 арыз түшүп, жалпы келтирилген чыгым 7 миллион 845 миң 692 сомду түздү.

Эрмек Нургазиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп 2021-жылы февраль айында дайындалып, бир күндөн кийин кызматтан кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: