Бишкекте Борбор Азияда жок “Скейт парктын” курулушу башталды



“Ынтымак-2” сейил багында “Скейт парктын” курулушу башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти Ынтымак паркынын аймагындагы жер тилкесин муниципалдык менчикке кайтарып берген.
1 гектарга жакын жер тилкеси "Ю-Ти-Ай Глобал" ЖЧКсынын жеке менчигинде болгон. Эми инвесторлордун колдоосу менен бул жерде скейт тебүүчүлөр жана паркур сүйүүчүлөрү үчүн атайын аймактар пайда болот.
Учурда курулуш иштери жүрүүдө.
Мындай парк Бишкекте биринчи жолу курулат жана Борбор Азияда мындай скейт-парк азырынча жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
5

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.