super.kg logo

"Көмүр аралаш таштар басып калган". Ошто шахтада каза болгон 3 Кытай жаранынын аты-жөндөрү белгилүү болду

 
Ош облусунун Өзгөн районунда көмүр шахтасында иштеген 3 Кытай жараны каза болгону кабарланган. Ош ОИИБинин маалымат кызматынан каза болгондордун аты-жөнү аныкталганын билдиришти.
"Окуя 20-мартка караган түнү саат 00:30 чамасында Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагына караштуу Кара-Дөбө участкасындагы "АБКЕ" ишканасынын шахтасында катталган. Анда 1971-жылы туулган Ж.Г., 1973-жылы туулган Ж.Ш. жана 1973-жылы туулган В.Ж. аттуу жарандарды көмүр аралаш чоң салмактагы таштар кулап, басып калгандыгы аныкталган. Каза болгон жарандардын жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалып, эксперттердин ички изилдөөсүнө берилген. Иликтөө иштери улантылууда.
Бул окуя боюнча окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, сырттан шахтанын ичине чейинки болжол менен 50 метр аралыкта көчкү болгондугу аныкталган", - дешти маалымат кызматынан.
Ал эми Экологиялык жана техникалык кѳзѳмѳл кызматынан "АБКЕ" ишканасынын жетекчиси А.Т. Тургунбаев жумушчулардын каза болгонун тастыктаганын билдиришти. Учурда "Ѳндүрүштѳгү бѳѳдѳ кырсыктарды териштирүү жана эсебин алуу" жѳнүндѳгү жобонун талаптарына ылайык, бѳѳдѳ кырсыкты териштирүүгѳ мекемелер аралык комиссиянын курамын топтоо боюнча иштер аткарылууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: