Жалал-Абад мэриясы арзан кумшекер сатылган жайдын дарегин жарыялады
Жалал-Абад шаарында мамлекеттик кампадан бөлүнгөн азык-түлүктөр арзан баада сатылууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Мэриядан билдиришкендей, кумшекер килограммы 70 сом, өсүмдүк майынын 5 литри 650 сомдон сатылууда.
"Жалал-Абад шаарына Материалдык резервдер фонду тарабынан 8 тонна өсүмдүк майы, 16 тонна кумшекер келип түштү.
Бир адам 5 литр май, 5 килограмм кумшекер сатып ала алат", - деп билдиришти мэриядан.
Дареги Жалал-Абад шаары, Курманбек көчөсү 8, Муниципалдык базар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.