super.kg logo

"Абайла, айдоочу!". Эртең унаа жолдордо, ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар (тизме)

 
Жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн бир нече аймагына кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-марттан 23-мартка чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Ошондой эле ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.
Кар көчкү түшүү коркунучу бар аймактар:
  • Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымы Төө-Ашууда;
  • Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255-чакырымы – Ала-Бел ашуусунда;
  • Суусамыр – Талас – Тараз 1-14-чакырымы Өтмөк ашуусунда;
  • Ала-Бука – Каныш -Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусунда;
  • Красная Горка – Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымында;
  • Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымында;
  • Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунун Талдык ашуусунда тагыраагы, 160-179 чакырымында;
  • Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамык унаа жолунун 136-137-чакырымында Батман-Көл айылында, 147-150 чакырымында Кара-Тейит айылында;
  • Бишкек – Нарын – Торугарт 292-305 чакырымы – Долон ашуусунда, Кара-Үңкүр капчыгайында;
  • Казарман – Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымы – Ийри-Суу тилкесинде, 60-94-чакырымы – Кара-Гөө ашуусунда;
  • Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-48, 65-90-чакырымдарында;
  • Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунун 52-68-чакырымында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: