super.kg logo

Элчи кыргыз өнөр адамдары француздардын, италиялыктардын, немистердин дагы оозун ачырганын айтты

 
21-мартта Нооруз майрамына карата Германиядагы кыргыздарга концерттик иш-чара уюштурулган. Ага шоумен Манас Алыкулов, ырчы Нурмат Садыров жана Мерген Турган катышты. Манас Алыкуловдун айтымында, алар концерттен кийин эс алып, Парижге чейин барышты. Ал жактан Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз менен жолугушту.
"Элчиликтин чакыруусу, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеевдин салымы менен Германиянын Гамбург шаарына келип, концерт койдук. Экинчи концерт Франкфуртта өттү. 25-26-мартта Мюнхен жана Берлин шаарларында да концерт өткөрүлөт. Азыр Германиянын шаарларында эс алып жүрөбүз. Парижге да барып элчи Садык Шер-Нияз менен жолугуп келдик", - деди шоумен.
Ал эми элчи өнөр ээлери менен жолугушканына ыраазы болгонун, биздин чыгармачыл адамдар француздардын, италиялыктардын, немистердин дагы оозун ачырганын жазып чыкты.
"Музыка башталганда “Эмне силер угуп отурасыңар, атайын Парижге келип, ырдагыла” деп сүрөп калдым. Манас бара калып эле микрофонго ырдап кирди. Отурган француздардын, италиялыктардын, немисинин дагы оозу ачылды. Биз болсо отурдук ак калпак кийип башыбызды термелтип. Андан кийин көрүп алгыла, дүркүрөтүп кол чаап, заматта ошол жерде биз эң сыйлуу конокко айландык. Атайын биз үчүн деп чыгарма аткарып да жиберишти", - деп жазат Садык Шер-Нияз.
Белгилей кетсек, мындан 2 жарым жыл мурда Италияга иштегени кеткен пародист, ырчы Мерген Турган учурда Германияда жашап, иштеп жүрөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: