super.kg logo

Жогорку Сот Муртазалиевдин даттануусун канааттандырган жок

 

Жогорку Сот Свердлов округунан талапкер болгон Абдурахманхаджи Муртазалиевдин даттануусун канааттандырган жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Соттун маалымат кызматы тастыктады.

"Абдурахманхаджи Муртазалиевдин БШКнын чечимине каршы даттануусу канааттандырылган жок. Жогорку Сот Бишкек шаардык административдик соттун чечими күчүндө калтырды", - дешет басма сөз кызматынан.

Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен Бишкектин Свердлов округунда өткөн кайра шайлоодо эң көп добуш алган талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиев “добуш сатып алган” деген кине менен четтетилген.

Буга нааразы болгон талапкер администрациялык сотко БШКнын чечимине каршы даттанган. Бирок сот анын арызын канааттандырган эмес. Кийинчерээк талапкер Жогорку Сотко даттанарын Муртазалиевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: