Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар
23-24-мартта өлкөдөгү туруксуз аба ырайына байланыштуу тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, коркунучу жогору болот.
23-мартка чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.