Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди
Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унаалардын каттамына чектөө киргизилди. Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, Чүй облусунун "Сосновка" жана Жалал-Абад облусунун "Чычкан" постторунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө бар.
"Төө-Ашуу", "Ала-Бел" жана "Өтмөк" ашууларынын айланасындагы жолдордо кар күрткү байкалып, унаалардын коопсуз өтүүсү үчүн тазалоо иштерине керектүү техникалар тартылган. Айдоочуларды керектүү шаймандарды алып жүрүүгө, жол эрежесин жана унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоого чакырабыз", - дешет башкармалыктан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.