super.kg logo

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри менен жолугушту

 

Кечээ, 22-мартта Исламабадда өткөн Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин башчылары кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана мамлекеттер ортосундагы мамилелердин өнүгүү келечегин талкуулашты. Ошондой эле министрлер жакынкы келечекте жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруу боюнча пикир алмашышкан.

"Эки тараптуу мамилелерди активдештирүү максатында тараптар жакынкы аралыкта эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын жетекчилеринин деңгээлинде жолугушууларды өткөрүү зарылдыгын белгилешти. Тараптар ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун жолугушууларын улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти", - деп билдиришти министрликтен.

Мындан тышкары, министрлер алдыда боло турган Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусу боюнча пикир алмашып, регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүүдө жана тереңдетүүдө бул жогорку деңгээлдеги регионалдык платформанын уникалдуулугун жана маанилүүлүгүн баса белгилешкен.

Тараптар ошондой эле эл аралык жана регионалдык коопсуздук маселелерин, анын ичинде Украинанын айланасындагы кырдаалды талкуулашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: