super.kg logo

Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум 30-мартка жылдырылды

 

Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум 30-мартка жылдырылды.

Сотко катышкандар судьядан бир катар жактоочулар жана соттолуучу Алмазбек Атамбаевдин келбей калгандыгына байланыштуу соттук процессти жылдырууну суранышты.

Ошондой эле мамлекеттик айыптоочу тараптын өтүнүчү менен Алмазбек Атамбаев катуу ооруп жаткандыгы боюнча медициналык корутундуну тактоо үчүн кезектеги соттук отурумга 47-колониянын башчысын жана дарыгер Алиевди чакыруу сунушталды.

Бүгүн, 23-мартта боло турган соттук отурумга Алмазбек Атамбаевди ич кийимчен алып келишкендиги кабарланган. Жыйынтыгында Атамбев унаадан түшпөй, ал кайра абакка жеткирилген.

Өз кезегинде, Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев №47 колониянын башкы дарыгеринин корутундусун социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Анда Атамбаевдин жүрөгү менен омурткаларында көйгөйлөр бар деп жазылган.

Бул ооруларына байланыштуу экс-президентти абакта кармоого жана соттук отурумдарга катыштырууга болбой тургандыгы белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: