super.kg logo

Хирург Эрнст Акрамов: "Саламаттыкты сактоо министрине эч кандай дооматым жок"

 

Белгилүү хирург, медицина илимдеринин доктору Эрнст Акрамов өзү директор болуп турган хирургия илимий борборунун жоюлушуна эч кандай дооматы жок. Бул тууралуу ал Саламаттыкты сактоо министрлигине берген маегинде айтты.

"Кандай гана реформа болбосун жакшы учурларды алып келет. Ал эми азыр республикада, саламаттыкты сактоо тармагында болуп жаткан реформаларды мен чындап эле прогрессивдүү көрүнүш деп эсептейм. Кандай гана реформа болбосун сынга алынбай, сылыктык менен кабыл алынышы керек. Бул реформалар элдин жана мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн, биздин коомду өзгөртүү үчүн. Ошондуктан менин эч кандай дооматым жок. Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилиги биздин хирургия илимий борборун жоюу зарыл деп эсептегендиктен саламаттыкты сактоо тармагында жакшы болот”, - деди Акрамов.

Профессор Чүй облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы кызматын улантып, мурдагыдай иштеп жатканын белгиледи.

14-мартта министр Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги "Тез жардам" ооруканасына барганда Чүй облустук ооруканасындагы Эрнст Акрамов атындагы хирургия илимий борборун жапканын билдирген.

Мындан тышкары Алымкадыр Бейшеналиев хирург Эрнст Акрамовдун атын ооруканага эле эмес, оорукананын бир бөлүмүнө берүүгө дагы татыксыз деп эсептээрин айткан. Депутат Исхак Масалиев белгилүү хирург Эрнст Акрамовдун жашоосуна шарт түзүп берүү керектигин билдирсе, Эдил Байсалов хирург Акрамов боюнча кооптонууга негиз жок экенин социалдык тармакка жазган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: