super.kg logo

Кыргызстан эң бактылуу өлкөлөрдүн рейтингинде 64-орунга жайгашты

 

Кыргызстан бактылуу өлкөлөрдүн дүйнөлүк рейтингинде 146 өлкөнүн ичинен 64-орунга жайгашты. Мындай маалымат сурамжылоодон кийин World Happiness Report сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, рейтинг 2019-жылдан 2021-жылга чейин жүргүзүлгөн масштабдуу сурамжылоонун орточо жыйынтыгын көрсөтөт. Сурамжылоого жер шарындагы 9 миллиондон ашык адам катышкан.

Жыйынтыгында Финляндия бешинчи жыл катары менен дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө деп табылды. Алдыңкы ондукка Дания, Исландия, Швейцария, Нидерланды, Люксембург, Швеция, Норвегия, Израиль жана Жаңы Зеландия кирген.

Ал эми коңшу өлкөлөрдүн ичинен Казакстан 40, Өзбекстан 53, Тажикстан 83-орунда жайгашса, Кыргызстан 64-орунда жайгашты.

Ошондой эле рейтингде Орусия 80-орунда жайгашты.

Тизмедеги эң акыркы 146-орунду Ооганстан ээледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: