super.kg logo

Дарыгер Ноокаттагы төрөт үйүндө энелердин өлүмү, ымыркайлардын каза болушунун саны өспөгөнүн айтты

 

Ноокат райондук жалпы дарыгердик практика борборунун директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары Сайрагүл Үсөнова энелердин өлүмүнүн саны өспөгөнүн айтты. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.

"2012-2013-жылдан баштап реформа менен иштеп жатабыз. Чет элдик өлкөлөрдүн инвесторлору менен биргеликте иштеп жаткандын эсеби менен үзгүлтүксүз окутуулар уюштурулуп, жабдуулар менен камсыздалып, капиталдык ремонттор жүрүп жатат.

Мындан улам көпчүлүк көрсөткүчтөр жакшы жакка өзгөрдү. Мисалы, төрөт учурунда энелердин каза болушу акыркы жылдары туруктуу турат. Жылына бирден энелер каза болуп жатат. Көрүп жатканыңыздардай, энелердин өлүмү республика боюнча көбөйүп жатат. Бирок биздин райондо туруктуу турат. Балдардын өлүк төрөлгөнүнүн саны дагы туруктуу турат. Төрөт үйүндө чарчап калган ымыркайлардын саны азайууда", - деди ал.

ЮНИСЕФ аталган борбордун төрөтканасына жабдууларды берип, оңдоп-түзөөдөн өткөргөн. Бул боюнча ЮНИСЕФ журналисттерге пресс-тур уюштурду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: