super.kg logo

Министрлер кабинети 126 миллиард сомдон ашык суммага кризиске каршы иш-чаралардын планын бекитти

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам аракеттенүү боюнча кризиске каршы комитетинин жыйынын өткөрдү. Жыйында 2022-жылга карата кризиске каршы чаралар кабыл алынды.

Маалым болгондой, жыйындын жүрүшүндө 2022-жылга карата антикризистик чаралардын планы кабыл алынды.

"Өлкөнүн эгемендүүлүк тарыхында биринчи жолу антикризистик план каржылык ресурстар менен колдоого алынууда жана декларативдүү мүнөздө эмес. Биз дүйнөдөгү кырдаалды өзгөртө албайбыз, бирок өлкөнү кризистен алып чыгуу үчүн реалдуу чараларды көрүүгө күчүбүз жетет. Биз эң жаман сценарийге даярбыз", - деди Акылбек Жапаров.

Бул планды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон финансылык каражаттардын көлөмү болжол менен 126 миллиард сомду түзөт.

Планда дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген насыяларды берүү, жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүдө дыйкандарды үрөн, жер семирткич, күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоого көмөк көрсөтүү, ирригациялык курулуштарды оңдоого жана калыбына келтирүүгө каражат бөлүү каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: