Өлкөдө кургак учук менен ооругандар азайды
Бүгүн, 24-мартта бүткүл дүйнөлүк кургак учук дартына каршы күрөшүү күнү. Бул күнү Саламаттык сактоо министрлиги жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүшүп, дарт тууралуу маалымат беришти.
Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүндө 2021-жылда 3877 жаңы башталган учуру катталган. Кургак учук менен ооругандардын көпчүлүк бөлүгү Чүйдө болсо, эң аз бөлүгү Ысык-Көл облусунда экенин белгилешти.
Эске салсак, Кыргызстандын мыйзамына ылайык, кургак учук менен ооруган оорулуу бекер дарыланууга укуктуу. Өлкө боюнча кургак учук менен катталган 3 миң 825 бейтаптын ичинен 689у амбулатордук негизде толук дарылоо курсунан өткөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү билдирди.
Ошондой эле өлкөбүздө 2021-жылдын 12 айында өлүмдүн көрсөткүчү төмөндөп, 100 миң адамга 226 учур туура келген. Ал эми былтыр 2020-жылы 100 миң бейтапка 259 өлүм көрсөткүчү түзгөн.

