super.kg logo

126 миллиард сомдон ашуун каражатка антикризистик иш-чаралар планы бекитилди

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча антикризистик комитеттин жыйынын өткөрдү. Анда 2022-жылга антикризистик чаралардын планы кабыл алынды дешет министрлер кабинетинен.

"2022-жылдын алгачкы эки айынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын реалдуу өсүү темпи 102 пайызды түздү. Февраль айынын соңунда башталган дүйнөдөгү геосаясий абалдын кескин чыңалуусу артыкчылыктуу максаттарды жана милдеттерди кайра карап чыгуу зарылдыгын шарттады. Өлкөдөгү социалдык-экономикалык туруктуулукту тез арада камсыз кылууга багытталган чечимдер ыкчам кабыл алынды", - деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле кабыл алынган чаралардын планы дүйнөлүк экономикалык системадагы өзгөрүүлөрдөн улам келип чыккан тышкы терс факторлордун таасиринин өсүшү шартында калкка жана бизнеске мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө багытталгандыгын белгиледи.

Социалдык жактан маанилүү товарларга баалардын кескин көтөрүлүшүнө жол бербөө жана аны жайгаруу үчүн товардык интервенциялар жүргүзүлөт. Ал үчүн өлкөнүн мамлекеттик материалдык резервине азык-түлүктү өз убагында сатып алуу камсыз кылынат.

Өндүрүш тармагында иш алып барган чарбакер субъекттерге колдоо көрсөтүү үчүн чет элдик валютада алынган кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо мүмкүнчүлүгү, ошондой эле чет өлкөдөн негизги товарларды жана тамак-аш азыктарын жеткирүүчүлөрдү чет элдик валюта менен камсыздоо маселесин иштеп чыгуу каралууда.

"Ушул жылдын апрель айынан тарта социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акысы масштабдуу түрдө көтөрүлөт. Бюджеттик кызматкерлердин пенсияларын, жөлөк пулдарын жана эмгек акысын жогорулатууга 35 миллиард сомго жакын каражат бөлүнөт", - деп белгиледи Акылбек Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: