super.kg logo

Бишкекке Тажикстандан ЕАЭБдин эрежелерин бузган эки тик учак келген (фото)

 

“Манас” бажысынын контрабанда жана бажы эрежелерин бузууларга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 2021-жылдын 17-августунда Кыргызстанга ЕАЭБдин бажы аймагынан, тагыраагы Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынан "Ф.С.Э." ЖЧКнын дарегине «МИ-8», «МТВ-1» учактары келген.

ЕАЭБдин мыйзамдарына ылайык, ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды ташып кирүүдө товарларга бажы операцияларын жүргүзүү каралган. Бирок келген учурдан тарта аталган тик учактарга карата кандайдыр бир бажы операциялары жүргүзүлгөн эмес.

Товардын наркы 640 миң долларын түзөт. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 3 миллион 519 миң 723 сомду түзгөн.

Бул факты боюнча материалдар Башкы прокуратуранын карамагына өткөрүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: