super.kg logo

Чүйдөгү авто мектептерде окуган курсанттарга жол кыймылынын өкүлдөрү сабак өттү

 

Чүйдөгү авто мектептерде окуган курсанттарга жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлдөрү сабак өтүштү. Бул тууралуу аталган башкы башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун аймагында жайгашкан авто мектептерде окуган курсанттарга Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери болочок айдоочуларды сапаттуу даярдоо боюнча "Унаа" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери менен биргеликте авто мектептердеги окуп жаткан курсанттарга кошумча сабактарды өтүштү.

"Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери авто мектептерде окуган болочок айдоочуларга адам өмүрү бардыгынан кымбат экендигин баса белгилешти. Бардык жол кыймылынын катышуучулары жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын билүүгө, так аткарууга милдеттүү жана жолдогу тартип ар бирибизден башталарын унутпашыбыз керек экендигин эскертти. 2022-жылдын 2 ай 24 күн ичинде айдоочулардын күнөөсүндө 262 жол-транспорт кырсыгы катталып, 30 адам каза болду, ал эми 440 адам ар кандай оор жаракаттарды алышканын баса белгиледи", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: