super.kg logo

Министрлер кабинети өзгөчө кырдаал режимин алып салууну министрликтерге тапшырды

 
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Саламаттыкты сактоо министрлигине республикадагы өзгөчө кырдаалды алып салуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.
Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча маалымат берип, учурда абал туруктуу экенин белгилешти. Андан соң жыйындын катышуучулары COVID-19га каршы эмдөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат угушту. Калкты эмдөө иштери уланып жатканы айтылды.
Талкуунун жыйынтыгында Эдил Байсалов Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте өкмөттүн 2020-жылдын 22-мартындагы №93-р токтому менен киргизилген өзгөчө кырдаал режимин жокко чыгаруу мүмкүндүгү жөнүндө маселени иштеп чыгууну тапшырды.
Тышкы иштер министрлигине Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасынан өтүүдө Кыргыз жарандарынын коронавирустук инфекциясын аныктоого милдеттүү экспресс-тесттен өтүүнү жокко чыгаруу маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.
Ошону менен бирге президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте калкты COVID-19га каршы эмдөө өнөктүгүн улантуу тапшырылды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: