Кырсыкка кабылган №193 маршруттук таксинин айдоочусу 57 жашта болгон



Бир күн мурда Бишкекте №193 маршрутка жол кырсыгына кабылып, айдоочу жеринде каза болгонун милициянын кайгуул кызматынан билдиришкен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочу 57 жаштагы К.К. экенин маалымдады. Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, айдоочу куткаруучулар жеткенге чейин каза болгон.
Белгилей кетсек, жол кырсыгы 24-март саат 07:30 чамасында 7-апрель жана Ахунбаев көчөсүндө болгон. Анда айдоочу унааны башкара албай жол жээгиндеги бакты сүзгөн. Жерине 5 куткаруучу тартылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.