Калкты каттоо: Саат 00:00дө биринчилерден болуп аэропорттогу адамдар каттоого алынды (фото)






Бүгүн, 25-март күнү саат 00:00дө “Манас” жана “Ош” эл аралык аэропортторунда эл жана турак-жай фондун каттоо – 2022 өнөктүгү башталды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, каттоо маалында аэропорттордо башка өлкөгө кетип жаткан жарандар убактылуу каттоочулар тарабынан каттоого алынышты.
Чет өлкөгө кетип жатышкан жарандар өзүнө жети суроону камтыган атайын форма боюнча каттоого алынышты.
“Манас” Эл аралык аэропортунда Улуттук статистика комитети биринчи каттоого алынган респонденттерди куттуктап, белектерди тапшырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.