super.kg logo

Орусияда мигранттардын эмгек укуктары талкууланды

 
Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы консулу Алмаз Букалаев Орусиянын Эмгек жана ишке орноштуруу боюнча федералдык кызматынын (Роструд) жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу Элчиликтен кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо, аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жана бузулган укуктарын калыбына келтирүү боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкуулашты.
"Консул Орусиядагы Кыргыз жарандарынын эмгек укуктарын бузган иш берүүчүлөрдүн эмгек акы төлөбөй коюу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерине тыкыр көзөмөлдүк - контролдук чараларды жүргүзүүнү өтүндү. Ошондой эле эмгек укуктарынын бузулушу жөнүндө келип түшкөн бардык арыздар боюнча тыкыр көзөмөл жүргүзүүнү суранды.
Өз кезегинде Роструддун жетекчилиги эмгек инспекцияларына келип түшкөн бардык кайрылуулар боюнча эмгек мыйзамдарынын талаптарына шайкештигине карата толук жана ар тараптуу текшерүүлөр жүрүп жатканына ишендиришти", - деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары тараптар «Орусияда иштөө» мамлекеттик маалыматтык тутумун Кыргыз жарандарынын Орусиянын аймагында жумуш издөө үчүн колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында элчилик менен Роструддун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн тартиби макулдашылып, Орусияда иштеген Кыргыз жарандары менен биргелешкен маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча макулдашууга жетишилди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: