super.kg logo

Садыр Жапаров элди жана турак жай фондун каттоо өнөктүгү башталгандыгына байланыштуу кайрылуу жолдоду

 

Президент Садыр Жапаров элди жана турак жай фондун каттоо өнөктүгү башталгандыгына байланыштуу кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Биз саясий, экономикалык жана эл аралык мааниге ээ боло турган окуянын алдында турабыз. Үстүбүздөгү жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин, ал эми кээ бир алыскы айыл аймактарда 23-апрелден 2-майга чейинки аралыкта Кыргыз Республикасында элди жана турак жай фондун каттоо өнөктүгү өтөт.

Бириккен улуттар уюму (БУУ) тарабынан 2020-жылы кезектеги эл каттоо иш-чараларын өткөрүү чечими кабыл алынган. Көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде коңшу мамлекеттерде эл каттоо жүргүзүлдү. Бирок биздин өлкө коронавирус пандемиясына байланыштуу аны кийинкиге жылдырууга аргасыз болгондугун билесиздер.

Элди жана турак жай фондун каттоо ишинин экономикалык жана социалдык мааниси абдан жогору. Баарыбыз билгендей, калктын демографиялык абалы дайыма өзгөрүп турат. Ага акыркы 10-15 жыл аралыгындагы ички жана тышкы миграция агымы чоң таасир этүүдө. Бул убакыттын ичинде турак жай фондунун курамында, жайгашуусунда жана сапатында олуттуу өзгөрүүлөр болду. Айрым турак жайлар тийиштүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын уруксаты жок, бекитилип берилген долбоорлору жок курулду.

Ошондуктан өлкөдөгү калктын саны, аймактарда жайгашуусу, жынысы, жаш курагы, улуту, билим деңгээли жана жашоо шарттары тууралуу чыныгы жана так маалыматтарды алуу каттоонун негизги милдети болуп саналат. Так маалыматтарды башка жол менен алууга мүмкүн эмес. Эң башкысы, каттоонун жыйынтыгында алынган маалыматтар өлкөнүн жакынкы жылдардагы жана келечектеги социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегияларын иштеп чыгууга же тактоого негизги база болуп эсептелет. Каттоонун жыйынтыгындагы маалыматтар – бул келечек муун колдоно турган өлкө тарыхы.

Каттоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча бардык иштер атайын республикалык комиссиянын жетекчилиги астында жүргүзүлүп жатат", - деп жазылат кайрылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: