super.kg logo

Садыр Жапаров жалпы республикалык эл каттоого катышты

 

Бүгүн, 25-мартта президент Садыр Жапаров өлкө боюнча башталган 2022-жылдагы Кыргыз Республикасынын элин жана турак жай фондун жалпы республикалык каттоого катышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы суроолорго сурамжылоонун формасы боюнча жооп берди. Каттоочу атайын мобилдик тиркеменин жардамы менен президент Садыр Жапаров жана анын үй-бүлөсү тууралуу бардык маалыматтарды жеринде жазып алды.

Эске салсак, Кыргызстанда элди жана турак жай фондун каттоо 25-мартта башталып, 3-апрелге чейин уланат. Республиканын алыскы аймактарында каттоо 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майга чейин жүргүзүлөт.

Эл каттоого 28 миң убактылуу каттоочу кызматкерлери (координаторлор, инструктор-көзөмөлдөөчүлөр жана эл каттоочулар) тартылды.

Жалпы республикалык өнөктүк каттоочулар тарабынан жеке уюлдук телефон же планшет аркылуу мобилдик тиркемени колдонуу менен биринчи жолу электрондук форматта өткөрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: