super.kg logo
  Саясат  

Ош. Шаарда бетон арыктарды куруу иштери аяктоо алдында турат

 

Ош шаардык муниципалдык турак-жай мекемесинин башчысы Эркин Аралиев "Ошто  суу өткөрүүчү бетон арыктарды куруу иштери аяктоо алдында турат" деп билдирди. Эскерте кетсек, суу өткөрүүчү бетон арыктарды шаардын Ленин, Абдыкадыров, Джим көчөлөрүнө жана Мотодром аймактык кеңешине куруу пландалган. Учурда Ленин көчөсүндөгү куруу иштери аягына чыгуу алдында турат. Суу өткөрүүчү бетон арыктардын жалпы узундугу 2531 метрди түзөт.

 “Жолдун боюнда эгилген эски дарактар суу өткөрүүчү бетон арыктарды курууда тоскоол болууда. Биз дарактарды кыйып салганга укугубуз жок. Ошондуктан дарактардын тамырларына зыян келтирбегенге аракет кылуудабыз”,- дейт бул тууралуу Аралиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: